Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-августу № 275
Ак ниет эмгеги үчүн жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Айманбаева Эльмира Калыковна | - | Нарын облусунун Нарын районундагы мамлекеттик администрациясынын иш кагаздарын жүргүзүү секторунун башчысы; |
Акматова Айжан Асанбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы; |
Аманалиев Эркинбек Абасканович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты; |
Аманкулова Талча Кайыпжановна | - | Жалал-Абад мамлекеттик университетинин "Биология" кафедрасынын профессору; |
Асанов Токсонбай Өзүбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын директору; |
Боромбаев Асан | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кулун-Ата мамлекеттик коругунун директору; |
Жапаров Турдубек Турдалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, саясий технологиялар, менеджмент жана экономика" программалар аралык кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу; |
Зикирова Гүлайым Абдылдаевна | - | М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Технологиялык колледжинин математика жана статистика кафедрасынын башчысы; |
Зулпуев Абдивап Момунович | - | Баткен мамлекеттик университетинин ректору; |
Ибрагимов Эркебулан Шамшиевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун зоология-энтомологиялык лабораториясынын башчысы; |
Калбеков Акжол Сабырович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору; |
Карашева Венера Азимовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жалпы бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Көчманбетов Темирлан | - | Нарын облусунун Жумгал районундагы Жаңы-Арык айыл аймагынын № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери; |
Курманбаева Аида Маратовна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, укук коргоо органдары жана соттук система чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын начальниги; |
Мойдунова Маарипатхан | - | Бишкек шаардык Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору; |
Сейтказиева Алтын Өмүрбековна | - | Токмок агроөнөр жай колледжинин методисти; |
Соороноев Эркин Керимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун Бишкек сыноо, сертификация жана метрология борборунун директору; |
Усубалиев Турумбек Жеңишович | - | Чүй аймактык ооруканасынын директорунун орун басары; |
Эсенаманова Нуржан Муслимовна | - | Бишкек шаардык № 6 клиникалык ооруканасынын дарыгери-невролог; |
Эшалиев Кыштообек Барпыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жетектөөчү адиси. |
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |