Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 27-марты, № 74-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тюмень облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тюмень облусунун Өкмөтүнүн
(Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тюмень облусунун Өкмөтү (Россия Федерациясы),
1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алуу менен,
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин жоболорун негиз кылып,
менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасы менен Тюмень облусунда (Россия Федерациясы) катталган чарба жүргүзүүчү субьекттердин (мындан ары - чарба жүргүзүүчү субьекттер) ортосундагы кызматташтыкка дем берүүгө ниеттенип,
Кыргыз Республикасы менен Тюмень облусунун (Россия Федерациясы) ортосундагы кызматташууну тереңдетүүдөгү жана кеңейтүүдөгү ез ара кызыкчылыктарды эске алып,
темөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1- берене
Ушул Макулдашуунун максаты - Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы катышуучулары болгон эл аралык келишимдерге ылайык Тараптардын соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңейтүүнү жана чыңдоону көздөйт.
Тараптар ушул Макулдашууну ак ниеттүү жана натыйжалуу аткарууну максат кылып, анын алкагында өз иштерин талаптагыдай координациялоого-күч-аракет жумшашат.
2- берене
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде, соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин эске алып, төмөнкүдөй багыттар боюнча өз ара аракеттенишет:
- өнөр жай:
- айыл чарбасы:
- айлана-чөйрөнү коргоо;
- жаштар саясаты:
- билим берүү жана илим;
- маалыматтык технологиялар;
- саламаттык сактоо;
- маданият жана искусство;
- спорт жана туризм;
- өз ара соода жүргүзүү.
3- берене
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган программаларды жана (же) иш-чаралар планын иштеп чыгышы жана кабыл алышы. ошондой эле ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган программалардын жана (же) пландардын аткарылышына көмөк корсөтүү жана контролдоо максатында Кыргыз"' Республикасынын Өкмөтү менен Тюмень облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) иштерин координациялоо үчүн биргелешкен комиссияларды жана (же) жумушчу топторду түзүшү мүмкүн.
Ушул Макулдашууга ылайык конкреттүү долбоорлор, программалар, пландар жана башка макулдашуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тюмень облусунун Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы). чарбакер субъекттери тарабынан ишке ашырылат.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленгендерден башка учурларда. ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн чарбакер субъекттердин ортосунда-түзүлгөн келишимдерден жана контракттардан келип чыгуучу милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
4- берене
Тараптар биргелешкен ишканалардын иштеши. эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн биргелешкен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде зарыл болгон уюштуруучулук. финансылык-экономикалык жана укуктук шарттарды түзүшөт.
5-берене
Тараптар чарбакер субъекттердин Тараптар өткөрүүчү жарманкелерге, көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышуусуна көмөктөшөт, соодалык-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык чөйрөлөрдөгү ар кандай багыттар боюнча маалымат алмашышат.
6- берене
Тараптар соодалык-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык чөйрөлөрдө делегацияларды жана адистерди алмашууга көмөктөшүшөт жана чарбакер субъекттердин ортосундагы кызматташуунун келечегин караштырышат.
7- берене
Ушул Макулдашуунун негизинде Тараптар алган маалыматтар үчүнчү тарапка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жана маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгондо гана берилиши мүмкүн.
Мында ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка жашырын сырдан турган маалыматтарды алмашышпайт.
8- берене
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорунун аткарылышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жана Россия Федерациясынын мыйзамдарындагы бардык өзгөрүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлап турушат.
9- берене
Ушул Макулдашуу Тараптардын үчүнчү жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
10- берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш маселелер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана консультация жолу менен чечилет.
11-берене
Тараптардын макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
12-берене
Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кируүсү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдируүнү алышкан күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою жарактуу болот.
Эгерде Тараптардын бири тийиштүү мезгил бүтөөрдөн үч ай мурда экинчи Тарапка Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса. ушул Макулдашуунун жарактуулугу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартыла берет.
Ушул Макулдашууну колдонуунун токтотулушу ушул Макулдашууга ылайык ишке ашырылып жаткан контракттардын, келишимдердин, протоколдордун жана программалардын аткарылышы боюнча милдеттенмелерге тиешеси болбойт.
2019-жылдын "_"______ шаарында ар бири
кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Тюмень облусунун Өкмөтү
Өкмөтү үчүн (Россия Федерациясы) үчүн