Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-октябры, № 356-б
Кыргыз Республикасында Төртүнчү Дүйнөлүк Too Форумун 2018-жылы ийгиликтүү уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана чет өлкөлөрдөгү консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын Бишкек. шаарында 2018-жылдын 23-26-октябрында өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк Too Форумуна (мындан ары - Форум) катышуучу чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визалык колдоону жана визаларды тариздөөгө консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан көмөк көрсөтүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Форумга катышуучу чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам өтүүгө колдоо көрсөтсүн.
4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Форумдун катышуучуларынын учуп келишин жана учуп кетишин уюштурууга төмөнкүлөр аркылуу колдооо көрсөтүү сунушталсын:
Форумдун катышууларын учакка салуу жана учактан түшүрүү үчүн "Манас" аэровокзал комплексинин аянтына транспорттун чыгышына мүмкүндүк берүү;
"Манас" аэровокзал комплексинин учуп келүү залына Форумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнүн Форумдун катышуучулары көзөмөл жол-жоболорунан өткөн учурда кирүүсүнө мүмкүндүк берүү,
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Форумдун катышуучуларынын жол коопсуздугун камсыздасын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын . контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |