Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-декабры, № 465-б
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 157, 279 жана 280-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) ортосундагы макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2007-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TENT30Z0111377, кыймылдаткычынын № YD22273019, кыймылдаткычынын көлөмү 2200 см3, ак тустөгү "Ниссан-Икстрейл" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режимине белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |