Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-марты № 35-б
1979-жылдын 18-декабрындагы Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алган милдеттерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2013-2018-жылдар мезгилине аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын расмий тилде тиркелген бешинчи мезгилдүү баяндамасы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйрук менен жактырылган баяндаманы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |