Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 4-марты № 44-б
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 655-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Дүң киреше салыгы боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";
- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.";
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Жылдык сумма боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";
- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.";
3) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Ысык-Көл төгүмү боюнча отчётторду толтуруу жана көрсөтүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Отчёт кагазга жазылган документ же электрондук документ түрүндө түзүлөт жана берилет.";
- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук документ түрүндөгү отчетко салык төлөөчүнүн же салык төлөөчүнүн кызмат адамынын же салык өкүлүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коюлууга тийиш.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Электрондук документ түрүндөгү отчёт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берилет.".
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |