Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2019-жылдын 23-январы ПБ № 8
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-октябрындагы № 303 Жарлыгы менен ратификацияланган 2000-жылдын 7-августундагы Кыргыз Республикасынын экономикасын узак мөөнөттүү өнүктүрүү максатында финансы-экономикалык уюмду түзүү үчүн Кыргыз Республикасы менен Ага-Хандын Экономикалык өнүктүрүү фондунун, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык финансы корпорациясынын, Немец инвестициялар жана өнүктүрүү компаниясынын жана Реконструкциялоо банкынын ортосундагы Эл аралык финансы келишимине ылайык:
1. Мурзабеков Эркебай Рустамович "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордунан бошотулсун.
2. Исабеков Азим Бейшенбаевич "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн директорлор кеңешинин курамына шайлоо үчүн "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" жабык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна А.Б.Исабековдун талапкерлигин белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 31-октябрындагы № 312 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш.Жээнбеков |