Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-январы № 65
Коррупциянын алдын алууга комплекстүү мамилелерди белгилөө, көрүлгөн коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын:
"17-1) коррупцияга каршы окутуу боюнча комплекстүү мамилелерди жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылышы боюнча иштерди координациялоо;".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |