Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 922 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-февралы № 96
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 2-июнундагы № 305 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинде:
5-пунктунун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
6-пунктунда:
- 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелери боюнча орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо;";
- 5-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) өз компетенциясынын чегинде өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү жана координациялоо;";
8-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесинде:
5-пунктунда:
- 1-пунктча "аларды толтуруу тартиби)," деген сөздөрдөн кийин "инвестициялык саясат (тышкы жардам боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктча "финансылык тартипти камсыздоо" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы саясат" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктунда:
- 2-пунктча "бюджеттик-финансылык" деген сөздөрдөн кийин "жана инвестициялык (тышкы жардам боюнча)" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 - 4-3-пунктчалар менен толукталсын:
"4-1) тышкы жардамдын (кредиттик, гранттык каражаттар) алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорго/программаларга мониторинг жүргүзүү;
4-2) тышкы жардамды тартуу жана пайдалануу маселелерине карата өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү;
4-3) тышкы жардамдын электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо;";
- 8-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- башка мамлекеттик органдарды (өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча, тышкы саясат бөлүгүндө);";
төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"'10-1. Бөлүмдүн түзүмүнө тышкы жардамды координациялоо боюнча сектор кирет.
Тышкы жардамды координациялоо боюнча сектордун башчысы:
1) бөлүмдүн башчысы жана бөлүмдүн башчысынын орун басары жок учурда алардын милдеттерин аткарат;
2) сектордун ишин жетектейт, секторго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) бөлүмдүн башчысы жок учурда же анын тапшырмасы боюнча Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон жыйналыштарга сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышат;
4) төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорунун ишке ашырылышын контролдоону;
- тышкы жардамдын алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорго/программаларга мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү;
- тышкы жардамдын электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү боюнча иштерди координациялоону;
- тышкы жардамды координациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү.".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |