Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну № 395
Ак ниет эмгеги жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо органынын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөр баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйланышсын:
Емельянова Надежда Сергеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо департаментинин жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын пайдаланууну мониторингдөө жана координациялоо бөлүмүнүн адиси; |
Байшериев Эркинбек Дүрбөлөңович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башкы адиси. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Ашырбеков Жеңишбек Абжалбековичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемесинин токой инвентаризациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Кадыров Мирбек Бекбосуновичке | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемесинин башкы адиси. |
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |