Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-Министринин 2021-жылдын 22-февралындагы № 108 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

 2018-жылдын 9-октябры № 615-б

Мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин түзүү жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Уставына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Абдралиева Гулмира Курманбековна Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Байкоочу кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү катары киргизилсин.

2. Байкоочу кеңештин курамынан К.Б.Шадыбеков чыгарылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 12-июнундагы № 497 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев