КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 16-июлу № 485
Кыргыз тилди жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Өмүров Бактыяр Жанышбекович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу сыйлык (энчилүү саат) менен сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Коңурбаева Роза Эсенамановнага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |