Редакцияот 16.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 16-апрели № 94-б

"Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору - 2019" иш-чарасын ийгиликтүү даярдоону жана анын катышуучуларын кабыл алууну уюштурууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери 2019-жылдын 16-22-апрелинде Ош шаарында өтүүчү "Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору - 2019" иш-чарасына катышуучу чет өлкөлүк жарандардан консулдук жыйымдарды албастан Кыргыз Республикасына бир жолку келип/кетүү визаларын тариздөөгө жана алууга көмөк көрсөтүшсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы "Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору - 2019" иш-чарасына катышуучу чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө көмөк көрсөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган визаларды тариздөө үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.

4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна учуп/конууларды уюштурууга, "Манас-2" жана "Ош" эл аралык аэропортторунун расмий делегациялар залдары аркылуу катышуучуларды акысыз негизде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү сунушталсын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев