Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-апрели № 88-б
1. Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы "Эненин жана баланын ден соолугу" программасынын алкагында IX фазаны 6000000 (алты миллион) евро суммасында каржылоо жөнүндө келишимдин расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |