Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 4-июну № 183-б
БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 5-июнь Бүткүл дуйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү деп бекитилгенине, Кыргаз Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо күнун майрамдоого жана Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгана байланыштуу, ошондой эле көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Рыспеков Орунбек
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин бухгалтердик эсеп жана административдик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Раимкулова Асель Кадыржановна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын башкы адиси.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |