Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 3-майы № 225
Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын түзүлгөн күнүнүн 35 жылдыгын майрамдоого байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын:
Оторов Тилек Арсыбекович | - | милициянын подполковниги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору. |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын: | ||
Жайлобекова Ырыскүл Арыстанбековнага | - | милициянын майору, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын инспектору; |
Сыдыков Замирбек Анарбаевичке | - | милициянын подполковниги, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору; |
Усубакунов Сталбек Асангазиевичке | - | милициянын подполковниги, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору. |
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |