Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 6-майы № 128-б
1. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2019-жылдын 22-февралындагы № 9 буйругу менен жактырылган Евразия экономикалык бирлиги менен Кытай Эл Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өтүүчү эл аралык ташуудагы товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Жеңиш Парпиевичке принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |