Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-марты № 76-б
Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү максатында, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россиялык комиссиясынын 21-чи жыйынынын жүрүшүндө жетишилген келишимдиктерди эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 299-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ иштеп чыккан Мунайгаз жана мунай иштетүү тармактарын өнүктүрүү үчүн "Газпром" коомдук акционердик коомунун инвестицияларын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна тартуу долбоору боюнча жол картасынын тиркемеге ылайык долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен жогоруда аталган Жол картасына кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жогоруда аталган Жол картасын ишке ашыруу процессинде россиялык тарап менен макулдукка жетишилгенде, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |