Редакцияот 17.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 17-январы № 1-б

Ысык-Көл облусунун аймагында болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөче кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 2019-жылы төмөнкүлөргө бөлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине -1 063 353 (бир миллион алтымыш үч миң үч жүз элүү үч) сом, анын ичинен:

652 293 (алты жүз элүү эки миң эки жүз токсон үч) сом Ысык-Көл бириктирилген облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн чатырын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн;

411 060 (төрт жүз он бир миң алтымыш) сом Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын имаратынын чатырын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине - 945 058 (тогуз жүз кырк беш миң элүү сегиз) сом, анын ичинен:

607 627 (алты жүз жети миң алты жүз жыйырма жети) сом Б.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин № 3 окуу корпусунун чатырын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн;

337 431 (үч жүз отуз жети миң төрт жүз отуз бир) сом Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин окуу корпусунун жана жатаканасынын чатырларын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздашсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев