Редакцияот 22.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 22-майы № 147-б

"Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн медиафоруму" иш-чарасын ийгиликтүү даярдоону жана катышуучуларын кабыл алууну уюштурууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери 2019-жылдын 23-26-майында Бишкек шаарында өтүүчү "Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн медиафоруму" иш-чарасына катышуучу чет өлкөлүк жарандардан консулдук жыйымдарды албастан Кыргыз Республикасынын бир жолку кирүү/чыгуу визаларын тариздөөгө жана берүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы "Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн медиафоруму" иш-чарасына катышуучу чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө көмөк көрсөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган визаларды тариздөө үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.

4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна учуп/конууларды уюштурууга, "Манас" жана "Манас-2" эл аралык аэропортунун расмий делегациялар залы аркылуу катышуучуларды акысыз негизде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү сунушталсын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев