КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-апрели № 86-б
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, агроөнөр жай комплексинин машина-трактордук паркынын техникалык потенциалын жогорулатуу жана модернизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31 -беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги буга чейин Кытай Эл Республикасынан - 68,4 млн (алтымыш сегиз миллион төрт жүз миң) сом, Түркия Республикасынан - 12,1 млн (он эки миллион жүз миң) сом жана Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинен (ЮСАИД) - 22,0 млн (жыйырма эки миллион) сомдук гранттар жана кредиттер түрүндө келген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайтарым эсептеринде топтолгон 102,5 млн (жүз эки миллион беш жүз миң) сом елчөмүндөгү финансы каражаттарын "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна айыл чарба техникасын лизингге төмөнкү шартта сатып алуу үчүн берсин:
- кредиттин меөнөтү - 10 (он) жыл;
- жылдык пайыздык ставка - 2 (эки) пайыз;
- негизги сумманы жана эсептелген пайыздарды төлөө мезгили - жыл сайын бирдей өлчөмдө;
- күрөө менен камсыз кылуу;
- эгерде карызды төлөө графиги бузулса, кечиктирилген ар бир күн үчүн төлөмүнүн суммасынан 0,01 өлчөмүндөгү пайыз эсептелет.
2. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна эгин оруучу, тоют топтоочу, жүгөрү оруучу комбайндар, кызылча, төө бурчак жыйноочу, чөп чабуучу, пахта жыйноочу машиналар жана кубаттуу тракторлор (150 аттын күчүнөн жогору) түрүндө айыл чарба техникаларын темөнкүдөй шартта лизингге берүүнү камсыздоо сунушталсын:
- лизингдин мөөнөтү - 10 (он) жылга чейин;
- жылдык пайыздык ставка - 6 (алты) пайыз;
- алгачкы салымынын өлчөмү акчалай эсептегенде лизинг предметинин наркынан 10 пайыздан кем эмес болушу керек;
- эгерде карыз төлөөнүн графиги бузулса, кечиктирилген ар бир күн үчүн төлөмүнүн суммасынан 0,01 өлчөмүндөгү пайыз эсептелет.
3. Кредитке сатып алган айыл чарба техникасын камсыздандыруу ыктыярдуу негизде, лизинг алуучунун макулдугу менен жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 98-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 357-б буйругу.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |