Редакцияот 29.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 28-майы № 154-б

Көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

Абышев Кубанычбек Насырович

-

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин "Музыка жана ырдоо" кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу;

Базылов Данияр Мурзабекович

-

Чүй облусунун Жайыл районунун райондук маданият үйүнүн директору;

Байсекеев Талайбек Абдыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн ангиохирург дарыгери;

Калыбаев Майрамбек Макулбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Мырзасапаров Алишер

-

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы;

Сырдыбаев Улан Муратбекович

-

"Нурсан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Шамшиев Чынгыз Болотбекович

-

Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти - башкы аткаруучу жетекчиси;

Эраалиев Бейшенбек Ашимович

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук хирургия борборунун ириң хирургиясы бөлүмүнүн башчысы.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев