Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-майы № 176-б
Төмөнкү расмий тилде тиркелгендерге макулдук берилсин:
- 2013-жылдын 18-октябрында Гродно шаарында кол коюлган Борбордук (улуттук) банктардын Евразия кеңеши тууралуу макулдашуунун катышуучулары - борбордук (улуттук) банктар ортосундагы Жеке жактардын тапшыруусу боюнча чет өлкөлөргө банктык эсеп ачпастан акча каражаттарын которуучу кредиттик уюмдарга акча каражаттарын которуу боюнча кызмат көрсөтүү рыногунун ачык-айкындыгын жана кардардын кызыкчылыгын коргоону камсыздоого тиешелүү рекомендациялар жөнүндө меморандумдун аракетин токтотуу тууралуу протоколдун долбоору, 1-тиркемеге ылайык;
- принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Жеке жактардын тапшыруусу боюнча чет өлкөлөргө банктык эсеп ачпастан акча каражаттарын которуучу финансылык уюмдарга акча каражаттарын которуу боюнча кызмат көрсөтүү рыногунун ачык-айкындыгын жана кардардын кызыкчылыгын коргоону камсыздоого тиешелүү рекомендациялар жөнүндө меморандумдун долбоору, 2-тиркемеге ылайык.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |