КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-майы № 263
Кыргыз Республикасынын ветеринардык-санитардык контролдоо системасына баа берүүнүн жыйынтыктарын жактыруу боюнча жүргүзүлгөн иши үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын:
Усенканов Мирлан Бекзатович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги иштер боюнча Атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Матеев Азиз Уларбекович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Эл аралык кызматташтык жана ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси.
|
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эпизоотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Абдраев Мурат Жузубалиевичке алкыш жарыялансын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |