Редакцияот 30.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

 2019-жылдын 30-майы, № 262

Күжүрмөн даярдыктагы, аскердик тартиптеги эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 27-жылдыгын майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1.    Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

 

Джарашева Гүлзат Рысбековна

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабыкын маалымат, коомчулук жана ЖМК менен байланыш башкармалыгынын начальниги, полковник;

 

Искаков Кубанычбек Мундукович

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 01001-аскер бөлүгүнүн тарбия иштери башкармалыгынын начальниги,полковник;

 

Сулайманов Медербек Мамытович

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 99718-аскер бөлүгүнүн зениттик-ракеталык аскерлер бөлүмүнүн начальниги, полковник;

 

Казакбай уулу Туратбек -

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскер бөлүгүнүн өздүк курам менен иштөө боюнча батальондун командиринин орун басары, гвардиянын капитаны.

 

 

1.    Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Жумалиев Талантбек Өмүралиевичке

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 97632-аскер бөлүгүнүн командири, полковник;

 

Аким уулу Русланга

 

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 29713-аскер бөлүгүнүн улук айдоочусу, прапорщик;

 

Мусаева Гүлнур Джусуповнага

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 02731-аскер бөлүгүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчүсү, прапорщик.

 

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев