КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын З-июну № 278
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчетун жана аны менен байланышкан материалдарды даярдоого кошкон зор салымы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти Ташбеков Нурбек Кудайбердиевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы Керимкулов Канат Айдарбековичке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |