КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 31-майы № 181
Мыйзамдык жөнгө салууга чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3027-VI «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынсын.
2. Радиоактивдүү элементтердин (уран) калдык сактоочу жайларын жана кен каддыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салынбайт.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев
|