Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-майы № 179-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы № 16 токтомун көңүлгө алып:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Талдуу-Булак айылдык аймактарында жайгашкан узундугу 9 км Каба - Жай-Терек автомобиль жолу муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолун ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- ыкчам башкарууга кабыл алынган автомобиль жолун оңдоону жана кармоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине республикалык бюджеттен 2019-жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |