Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-июну № 191-б
Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймактарына кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 24 807 300 (жыйырма терт миллион сегиз жүз жети миң үч жүз) сом кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн бөлүп берсин, анын ичинен:
- 9 807 300 (тогуз миллион сегиз жүз жети миң үч жүз) сом Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл аймагынын Учкун участогунун Жошолу көчөсүндөгү Охна-Сай дарыясынан өтүүчү ички-чарбалык көпүрөнүн курулушуна;
- 15 000 000 (он беш миллион) сом Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылындагы Көк-Арт дарыясында коргоочу дамбанын курулушуна.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |