Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июну № 209-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча алдын ала техникалык изилдөө жүргүзүү жөнүндө Алмашуу каттарынын расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Алмашуу катына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги "Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча алдын ала техникалык изилдөө жүргүзүүнүн алкагында кытай тарабы менен ишти координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |