Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11-июну № 212-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү үчүн Кыргыз Республикасына финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Алмашуу каттарынын расмий тилде тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Алмашуу катына принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казналыгы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнөн финансылык жардымды алуучу болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы жогоруда аталган финансылык жардамдын алкагында каражаттарды сарптоого жооптуу аткаруучу агенттик болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |