Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 17-июну №- 221-б
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө, шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү коомчулуктарынын жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоого, жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, 2019-жылдын башына карата региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын 512 448,3 миң (беш жүз он эки миллион төрт жүз кырк сегиз миң үч жүз) сом суммасындагы калдыгын региондорду өнүктүрүү фонддоруна бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |