Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылцын 11-июну 195-р
2019-жылдын июнь айында болуучу Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларынын Кыргыз Республикасына мамлекеттик жана расмий визиттеринин учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин l-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жалпы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоодо ички иштер органдарынын иштерин камсыз кылуу үчүн 5 600 000 (беш миллион алты жүз миң) сом бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |