Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-июну, № 225-б
Иригациялык курулуштарды жана башка социалдык-экономикалык объекттерди, ошондой эле автомобиль жолдорунун курулушун жана реконструкциялоосун өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каражаттардын көлөмүн 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом суммасына көбөйтсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө аталган каражаттар эске алынсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |