Редакцияот 24.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 24-июну № 227-б

Театралдык-оюн зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөнкүдөй кошумча финансылык каражат бөлүп берсин:

- 84 605 100 (сексен төрт миллион алты жүз беш миң жүз) сомду Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого;

- 97 658 300 (токсон жети миллион алты жүз элүү сегиз миң үч жүз) сомду Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого;

- 16 000 000 (он алты миллион) сомду С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого;

2) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунун 1-пунктчасында аталган каражаттын максаттуу пайдаланылышын камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, билим маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев