Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 11- июну № 214-б
2015-жылдын 3-апрелиндеги Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Россия Федерациясынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ортосундагы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына кайтарымсыз финансылык жардам берүү жөнүндө макулдашуунун алкагында бөлүнгөн каражаттарды (2016-жылдын 20-декабрындагы протоколдун редакциясында) өздөштүрүүнү камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине Кыргыз Республикасынын Интеграциялык шлюз улуттук сегменти долбоорун техникалык тейлөөнү жана коштоону камсыз кылуу боюнча Евразия экономикалык бирлигине катышуусунун алкагындагы интеграциялык процесстерди камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөргө, жумуштарга жана товарларга акы төлөөгө 20 178 726 (жыйырма миллион жүз жетимиш сегиз миң жети жүз жыйырма алты миң) сом суммада финансы каражатын бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул пункттан келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бөлүп берилген финансы каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана курулуш, транспорт коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |