Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 17-июну, № 220-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бейпилдиги чөйрөсүндө көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди (2005-жыл) жүзөгө ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө 2018-жылдын 21-сентябрындагы макулдашууга Административдик келишимдин алкагында акысыз техникалык жардам катарында келген 2018-жылы чыгарылган, ак түстөгү, кузовунун № 330200К0816670, кыймылдаткычынын № A27500J1103867, ГАЗ-3302 базасындагы "Автоспектр MOBILAB 281161 МЛЭД" моделиндеги экспресс-диагностикалоочу микробиологиялык көчмө лабораторияны мамлекеттин менчигине ал сын;
- жогоруда аталган көчмө лабораторияны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялардын республикалык борборунун оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу инфекциялардын республикалык борбору ушул буйруктун биринчи пунктунда аталган көчмө лабораторияны оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана аны максаттуу арналышы боюнча пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |