Редакцияот 07.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 7-июну, №- 297

Ак ниет эмгеги, Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти Азаматов Азиз Азаматович Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев