Редакцияот 28.06.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 28-июну, № 348

Ак ниет эмгеги, табигый кырсыктарда калкка жардам көрсөтүүгө, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюуга кошкон орчундуу салымы, Кыргыз Республикасынын Куткаруучу кызматкеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен төмөнкүлөр сыйланышсын:

Ахматов Кумар Мухамбетович

 

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун начальниги;

 

Сурапова Клара Эшалиевна

 

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар башкармалыгынын персонал менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;

 

Пратов Эсен Манасович

 

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун терең суу, мобилдик, суучулдар станциясынын начальниги.

 

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев