Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-майы, № 253
Аскердик кызматтын милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төмөнкү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын:
Токтосунов Сапарбек Орозбаевич | - 2021-аскердик бөлүктүн командири, полковник;
|
Эралиев Нурлан Каканович | - 2023-аскердик бөлүктүн командиринин биринчи орун басары - штаб башчысы, подполковник;
|
Газиева Гульмира Хабибуллаевна
| - 2021-аскердик бөлүктүн материалдык камсыздоо ротасынын мончо-кир жуучу комбинатынын башчысы, прапорщик;
|
Беделбаев Мэлс Нурмаматович
| - 2065-аскердик бөлүктүн транспорттук камсыздоо тобунун айдоочусу, кызматкер.
|
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төмөнкү аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Премьер- министринин атынан алкыш жарыялансын:
Максутов Алмаз Саипжановичке
| - ыкчам ишмердик башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник;
|
Бабаев Артем Георгиевичке
| - Чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, подполковник;
|
Рогов Михаил Олеговичке
| - 2062-аскердик бөлүктүн командиринин орун басары, капитан;
|
Аттокурова Самара Дуйшеновнага | - 2063-аскердик бөлүктүн саптык бөлүмүнүн башчысы, улук прапорщик; |
Алакунова Аида Карабаевнага | - 2026-аскердик бөлүктүн "Токмок-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунун улук көзөмөлдөөчүсү, прапорщик.
|
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |