Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-июну, № 234-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлеринин социалдык жана тиричилик шарттарын жакшыртуу, турак жай менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен прокуратура органдарынын административдик жана кызматтык турак жайларын курууга жана капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 50 000 000 (элүү миллион) сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |