Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-июну, № 235-б
2019-жылы Талас облусунда өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:
1) төмөнкүлөргө республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражат бөлүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке 6,0 млн (алты миллион) сом - Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын спорттук иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Маалымат, маданият жана туризм министрлигине 14 млн (он торг миллион) сом - Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 30 млн (отуз миллион) сом - Талас облусунун Р.Алканов атындагы ат майданын реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого;
2) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021 -жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маалымат, маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланышын камсыздашсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |