КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 27-июну № 237-б
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы сугат жерлерин суу менен камсыздоону жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 — беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине 2019-жылга мамлекеттик ирригациялык объекттердин капиталдык оңдоого каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен 4 900 000 (төрт миллион тогуз жүз миң) сом суммасына Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Жар-Баскан», «Бечел-Аюу» жана «Терме-Таш» насостук станцияларында оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзсүн.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев
|