Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 27-июну № 236-б
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкү долбоорлор жактырылсын (расмий эмес котормо):
- "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча Япония Өкмөтүнүн нотасына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык келишимди түзүүчү жооп нотасынын долбоору;
- "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоорун ишке ашырууда аткаруучу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жооп нотанын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |