Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 5-июлу № 252-б
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди аткарууга карата даярдыгын текшерүү, өз ара аракеттенишүүнү өркүндөтүү, өзгөчө жана аскердик абал режимдерин киргизүүдө жана камсыздоодо даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкаруу органдары менен 2019-жылдын июлунда "Сары-Таш - 2019" биргелешкен атайын тактикалык машыгуусу (мындан ары - машыгуу) өткөрүлсүн.
2. Машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик кылуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ош облусунун Алай районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы машыгууну даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |