Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-июлу № 258-б
2019-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасынын ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташуу маселелери боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - делегация) төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Алыбаев Автандил Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, делегациянын жетекчиси. |
Делегациянын мүчөлөрү: | ||
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Мадмаров Азизбек Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Азимов Алмазбек Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Токтосартов Камалдин Акунович | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; |
Каратаев Мадаминжан Мусаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Супаналиев Бекжан Төрөбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Абжапарова Элмира Абдикааровна | - | "Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |