Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 17-июлу № 265-б
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын Интернет тармагын пайдалануулары үчүн абоненттик акы төлөөгө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине белгиленген тартипте кошумча 43 236 000 (кырк үч миллион эки жүз отуз алты миң) сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражатты максаттуу пайдалануусун камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |