Редакцияот 01.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2019-жылдын 1-августу № 287-б

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Товарларды эсепке алуунун стационардык пунктун куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мөөнөтсүз пайдалануусунда турган Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айыл аймагынын 165-контурунда жайгашкан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер" категориясына таандык болгон аянты 0,60 га жер участогу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өткөрүп берилүүчү жер участогун пайдалануу укугун белгиленген тартипте кайра каттасын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев