Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-июлу № 285-б
Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тизмеге ылайык көрсөтүлгөн объектилерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражатынан 28 250 000 (жыйырма сегиз миллион эки жүз элүү миң) сомду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Тиркеме
Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүчү объектилердин тизмеси
№ | Объектилердин | Болжолдуу | Курулманын | Эскертүү |
| аталыштары | наркы (миң сом) | түрү, индикатору |
|
| Ысык-Көл облусу |
|
|
|
| Тоң району |
|
|
|
1 | Жер-Үй айылындагы Аксай группасындагы тоо |
| 4 шпора | Калыбына |
| көлдөрүнүн жарылуусунан | 10 636,0 | L= 251 пм | келтирүү |
| жана Жер-Үй дарыясынын |
|
| талап |
| ташкын сууларынан коргоо |
|
| кылынат |
| Ош облусу |
|
|
|
| Кара-Кулжа району |
|
|
|
| Кеңеш айыл аймагынын |
| Коргоочу | Калыбына |
2 | Кеңеш айылынын Тар |
| шпора | келтирүү |
| дарыясына суу чыгаруучу |
| L= 70 пм | талап |
| системасынын скважинасын | 4 500,0 |
| кылынат |
| коргоо үчүн болгон шпора (узундугу 70 м) куруу |
|
|
|
| Кара-Кулжа айыл |
| Коргоочу | Калыбына |
3 | аймагынын | 6 000,0 | дамба | келтирүү |
| Биймырза айылында Кара- |
| L= 200 пм | талап |
| Кулжа дарыясына коргоочу дамба куруу |
|
| кылынат |
| Жалал-Абад облусу |
|
|
|
| Аксы району |
|
|
|
| Авлетим айыл аймагынын | 7 114,0 | Көпүрө | Калыбына |
4 | Атантай участогунда Итагар дарыясынан өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү куруу |
| 19,3м х 6,8м | келтирүү талап кылынат |
| Жалпы суммасы | 28 250,0 |
|
|