КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-июлу № 271-б
Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдын 21-июлундагы № 17-1/1770 жана № 17-1/1771 ноталарын эске алып, эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө 1969-жылдын 23-майындагы Вена конвенциясынын 54 жана 56-беренелерине ылайык:
1. Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдын 21-июлундагы № 17-1/1770 жана № 17-1/1771 ноталарына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий тилде тиркелген жооп нотасынын долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн нотаны казакстан тарапка белгиленген тартипте жөнөтүү тапшырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |